Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги I cессиясы
2019-жылдын 22-февралы № I-2
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 2018-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сартоо жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 1142714,53 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковдун, Таш-Дөбө орто мектебинин директору .Жунушалиев Б кайрылуусун угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алуу менен, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 1142714,53 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
· Долбоор өткөрүүдө жеңүүчү болгон Таш-Дөбө орто мектебинин II окуу имаратын капиталдык оңдоодөн өткөрүү үчүн дем берүүчү гранттын өздүк салымын төлөөгө 300 000 сом;
· Башка транспорт каражаттарын алуу (камбайн СК-5 М НИВА) үчүн толук эмес үлүштүк суммасын төлөөгө 842 714,53 сом;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковдон суралсын.
Төрага: | Мусаев М. |