Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги I cессиясы
2019-жылдын 22-февралы № I-3
Мамлекеттик ыйгарым укуктар менен иштөө жөнүндө
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Түгөлбек уулу Аманбектин кайрылуусун угуп жана талкуулап Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Түгөлбек уулу Аманбекке төмөндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктар менен иштөө жагы милдеттендирилсин.
v Милдетүү жана ыктыярдуу патент төлөөчүлөрдөн чогултуу;
v 1,2,3 жана 4 тайпадагы мүлк салыктарын чогултуу;
v Жер салыктарын чогултуу;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага: | Мусаев.М. |