Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз II cессиясы
2019-жылдын 15-сентябры № II-1
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Жумгал районунудагы социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлүүчү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын бекитүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын, КРӨнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3-пунктарын жетекчиликке алып, депутаттардын Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адисти Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис штат бирдиги бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Мусаев |