Редакцияот 09.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 9-сентябры № 48

“ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому  тарабынан оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн  темир-бетон байланыш таянычтарын орнотуу жөнүндө 

“ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан "Кумтөр Голд Компани” ишкансынын үзгүлтүксүз интернет байланышын камсыз кылуу максатында оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн Ак-Дөбө айыл аймагына тиешелүү сырт өрөөнүндөгү жайыт жерге  темир-бетон байланыш таянычтарын орнотууга уруксат алуу боюнча “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомунун катынын негизинде жана ишкананын менеджери Т.Кайыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1.              Сырт өрөөнүндөгү Ак-Дөбө айыл аймагына тиешелүү жайыт жери менен “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн темир-бетон байланыш таянычтарын орнотууга макулдук берилсин.

2.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айыл өкмөт башчысы М.Алиевге жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Жийдебаевге   жүктөлсүн.

Төрага

А.Тыныбеков