Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги III cессиясы
2019-жылдын 30-октябры № III-1
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 2018-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сартоо боюнча 2019-жылдын 22-февралындагы Сүйүмбаев айылдык Кеңештин кезектеги I сессиясынын № 1-2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 842714,53 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковдун кайрылуусун талкуулап, сунушун эске алуу менен Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 842714,53 сом калдык акча каражатына камбайн СК-5 М НИВА транспорту алынбай калгандыгына байланыштуу төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
· “Катаган таза суу” ИСКАКБсынын каналынын булак башын капиталдык оңдоп түзөтүүдөн өткөрүүгө 400 000 миң сом;
· “Суусамыр” участкасынын 2 км. жер аянтына свет чубалгаларын кошумча жаңыртууга, зым сатып алууга 100 000 миң сом;
· “Катаган Алмазбек” СПАсынын керектүү тоомдоруна соружения курууга материал сатып алууга 342714, 53 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковдон суралсын.
Төрага: | М.Мусаев |