Редакцияот 22.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII

чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 22-сентябры № 52

Ак-Дөбө  айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын

өткөрүүнү  уюштуруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №284 Жарлыгын жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы чечими менен бекитилген нускаманын жана календардык планын аткаруу максатында Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

•                Кыргыз Республикасынын биринчи Элдик Курултайы 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына чакыртылганы эске алынсын жана биринчи Элдик Курултайга айыл аймагы боюнча эки делегат шайлана тургандыгы белгиленсин.  

•                Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5-ноябрында саат 10-00дө Тилекмат маданият үйүндө  өткөрүлсүн.

 

•                Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайына айыл элинин санына жараша 50 делегат анын ичинен Тилекмат айылынан 21 делегат, Ак-Дөбө айылынан 12 делегат, Аң-ϴстөн айылынын 12 делегат, Мундуз айылынан 5 делегат шайланаары белгиленсин.

 

•                Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү графиги  №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

•                Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу 11 адамдан түзүлсүн жана курамы  №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

•                Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

                 

Төрага

А.Тыныбеков

№1тиркеме

Ак-Дөбө айылдык кенешинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы

№ 52- токтому менен бекитилди

 

Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү графиги

 

 

 

№

Айылдардын аталышы

Чогулуш-тун өтүүчү жери

Датасы жана убактысы

Калктын саны

Делегаттардын саны

жооптуулар

1

Тилекмат айылы

Тилекмат айылынын мадият үйү

18.10.2022

Саат 10-00

3345

21

Калыков Н.

Токтомушов А.

Темирбеков Т

2

Аң-ϴстөн айылы

Аң-ϴстөн айылынын мадият үйү

19.10.2022

Саат 15-00

1990

12

Казакбаев У.

Бегалиев М

3

Ак-Дөбө айылы 

Ак-Дөбө айылынын мадият үйү

20.10.2022

Саат 10-00

1871

12

Турдубек уулу М

Байгазиев М.

4

Мундуз айылы

Мундуз айылынын мадият үйү

21.10.2022

Саат 10-00

741

5

Узакова А.

Тынчыбеков А

Төрагасы                                            А.Тыныбеков 

№2 тиркеме

Ак-Дөбө  айылдык кенешинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы

№ 52- токтому менен бекитилди

 

 

Ак-Дөбө  айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушту тобунун курамы

 

 

№

Жумушчу топтун төрагасы

•                 

Тыныбеков Айбек Базаркулович

Айылдык кеңештин төрагасы

Жумушчу топтун катчысы

•                 

Тариелова Эльза Тариеловна

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы,

Жумушчу топтун мүчөлөрү

•                 

Узакова Айнура Сулаймановна

Айылдык кенештин депутаты,

•                 

Калыков Нурболот Калыкович

Айылдык кенештин депутаты,

•                 

Казакбаев Улан Жекшенович

Айылдык кенештин депутаты,

•                 

Турдубек уулу Мирлан

Айылдык кенештин депутаты,

•                 

Темирбеков Тилек Темирбекович

Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси

•                 

Токтомушов Акымбай Сатиндиевич

Тилекмат айылынын айыл башчысы

•                 

Бегалиев Максат Намазович

Аң-ϴстөн айылынын айыл башчысы

•                 

Байгазиев Марс Эсенгулович

Ак-Дөбө айылынын айыл башчысы

•                 

Тынчыбеков Адилет Камчыбекович

Мундуз айылынын айыл башчысы

 

 

 

 

 

Төрагасы                                            А.Тыныбеков