КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-апрели № 1
“АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)” - КК АИД-3 долбоорундагы:
1-май айылындагы “ФАПтын имаратынын абалын жакшыртуу” боюнча
ири долбоору жөнүндө
КК АИД-3түн алкагында Күмүштак айыл аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар, жогорудагы ири долбоору боюнча Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевдин жана Оро айылдык аймагынын АКИА АКынын төрагасы Барпиев Анатайдын маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 20-октябрь 2021-жылдын №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы III сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-май айылындагы “ФАПтын имаратынын абалын жакшыртуу” жалпы суммасы 1 026321 (бир миллион жыйырма алты миң үч жүз жыйырма бир) сом, анын ичинен 871 876,46 (сегиз жүз жетимиш бир миң сегиз жүз жетимиш алты сом кырк алты тыйын) сом инвестиция жолу менен АРИС агентствосу, өздүк салым 154 444,54 (бир жүз элүү төрт миң төрт жүз кырк төрт сом элүү төрт тыйын) сом жергиликтүү бюджеттен каралсын.
2. Сунушталган долбоордун жалпы суммасы 1 026321 (бир миллион жыйырма алты миң үч жүз жыйырма бир) сом, анын ичинен АРИСтин гранты 871 876,46 (сегиз жүз жетимиш бир миң сегиз жүз жетимиш алты сом кырк алты тыйын) сом, жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы 154 444,54 (бир жүз элүү төрт миң төрт жүз кырк төрт сом элүү төрт тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул жогорудагы сунушталган долбоор Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө караштуу 2024-жылдагы социалдык өнүгүү планына жана инвестициялык планына киргизилсин.
4. Долбоордо көрсөтүлгөн объектини техникалык тейлөөдө жана пайдаланууда, өздүк салымдарына карата чыгымдары жергиликтүү бюджеттен бекитилсин.
5. АРИСке долбоордун тиешелүү иш-кагаздарын өз убагында дайындап берүү жагын Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |