Редакцияот 16.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Алга айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы

 

 

2021-жылдын 16-январы  № 102

 

Алга айыл окмотунун 2021-жылга жергиликтуу бюджетин бекитуу жана 2022-2023-жылдарга долбоорун жактыруу жонундо

 

Алга айыл аймагынын айылдык кенеши кун тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 12-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде тузулуп, айылдык кенештин бюджет жана экономика комитетинде каралып,талкуулангандыгын эске алып,экономика жана каржы болумунун башчысы Т.Хамралиевдин билдируусун угуп жана талкуулап, Алга айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алга айыл окмотунун 2021-жылга жергиликтуу бюджетинин кирешелер болугун 12371,5 мин сом, чыгашалар болугу 12371,5 мин сом олчомундо бекитилсин, жана 2021-жылга 12415,3 мин сом, 2022 -жылга 12547,3 мин сом болжолдору жактырылсын.

2. Алга айыл окмотунун жергиликтуу бюджетинин кирешелер болугуно чегеруулор 2021-жылга №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

3. Алга айыл окмотунун жергиликтуу бюджетинин чыгашалар болугуно чегеруулор 2021-жылга №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.

4. Алга айыл окмотунун жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгашалар болугунун божомолу 2022-2023-жылдарга №3,4 тиркемелерге ылайык аныкталсын.

5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна чегеруулор, тамак-аш) жургузулот.

6. Чыгашаларды корголгон беренелерге каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар озгоргондо озгоруусу мумкун.

7. Бекитилген каражаттар казыналык болумунон айланып отуу жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.

8. Алга айыл окмотунун 2021-жылдын жергиликтуу бюджети 2021-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.

9. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Алга айылдык кенешинин

торагасы:

 

Ш.Акбаров.