Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XX сессиясы

 

2023-жылдын 3-марты № 128

Улахол айыл өкмөтүнүн  2023-2026-жылга карата стратегиялык өнүгүүсүнүн иш чаралар планын бекитүү жөнүндө

 

Улахол айыл өкмөтүнүн  2023-2026-жылга карата стратегиялык өнүгүүсүнүн иш чаралар планын бекитүү боюнча М.Бейшеевдин билдирүүсүн жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетинин    корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Улахол айыл өкмөтүнүн  2023-2026-жылга карата стратегиялык өнүгүүсүнүн иш чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Улахол айыл өкмөтүнүн  2023-2026-жылга карата стратегиялык өнүгүүсүнүн иш чаралар планын кынтыксыз аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.

 

3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-мартындагы №128 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

А.Жолалиев