АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 27-февралы № 105
Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2020-жылдын 12-айында аткарылышы жөнүндө
Алга айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Хамралиевдин Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2020-жылдын 12-айында аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн 2020-жылдын 12-айындагы аткарылуусу 13744,1 мин сом,чыгашалар бөлүгүнүн аткарылуусу 13340,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдагы аткарылуусу боюнча Алга айыл өкмөтүнүн башкаруу аппараты тарабынан аткарылган жумуштар канаатандырарлык деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алга айылдык кенешинин төрагасы: | Ш.Акбаров. |