Редакцияот 17.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги II cессиясы

2020-жылдын 17-февралы № II-2

Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата 2019-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сартоо жөнүндө

Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата 914 294,67 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковдун, ФЭБ башчысы К.Ибраимовдун, ИСКАКБ “Катаган таза суу” башчысы А.Тыйтаңовдун, Таш-Дөбө орто мектебинин директору Ж.Исаеваныны кайрылуусун угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алуу менен Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 914 294,67 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

 

·       Жайыт жерлерин пайдалануу төлөмүнө 32 630 сом;

 

·       Электр чубалгаларын тартуу үчүн ЖБ. столбаларды алууга 325 000;

 

·       Хоккейный (муз аянтчасын курууга) 322 664,67 сом;

 

·       Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик курууга 200 000;

 

·       ИСКАКБ “Катаган таза суу” мекемесинин ГФРЭ ге бересе болгон кредиттик суммасын жабуу үчүн 34 000 сом.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковдон суралсын.

 

Төрага:

Мусаев.М.