АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 15-апрелиндеги № 7
“Каракол” эл аралык аэропортуна жасалма учуп-конуу тилкесин реканструкциялоо үчүн жер тилкелерин алып коюу жана алардын ээлерине башка жер тилкелерди берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү кенеш Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулетовдун 2024-жылдын 12 апрелиндеги №01-17/ 23 Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 68-беренесинин 4-пунктун жетекчилике алып Каракол шаардык Кеӊешинин 26 март 2024-жылдын № 28-39/3 токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Презедентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Э Далиевге жолдогон арызын аткаруу максатында Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:
1.Ак-Суу районунун Алтын-Арашан айыл аймагынын чегинде 41,573-га анын ичинен 1994-1996-жылы жер рефомасы учурунда бөлүнүп берилген Ак-Суу районунун Жолколот айылынын тургундарынын 209-субъектинин, 37.782-га жер үлүштөрү, “Арашан” айыл чарба кооперативинин караштуусу 1,2161-га кургатуучу жана сактоочу жайлардын астындагы жер тилке жана мамлекеттик менчиктеги жолдорду, каналдардын, токой тилкелеринин алдындагы 2,5749 жер тилкелери Каракол шаарынын Эл аралык аэропортунун жасалма учуп-конуу тилкесин реканструкиялоо үчүн алынууга тийиш болгон жер участокторун (үлүштөрүн) мамлекеттик муктаждыкка алынсын.
2. Каракол шаарынын аймагында мурдагы (ЗОСВИЛАР) зоналдык дары-араматтык өсүмдүктөр тажрыйба станциясынын 63-га сугат айдоо жер тилкесин аэропортун жасалма учуп-конуу тилкесин реканструкциялоого алынган жер үлүштөрдүн ордуна укук ээлерине 1 га ордуна 1,0га деп бөлүп берсин
3.Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго;
-Жер үлүштөрүнүн мыйзамдуу ээлери менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 68 беренесинин 1-пунктунун талаптарына ылайык келишим түзүлсүн;
-Мамлекеттик муктаждыка алынып коюлган жер участокторун (үлүштөрүн) мамлекеттик менчик укугун “Жер ресурстар, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекетттик агенттиктин” Каракол-Ак-Суу филиалынан каттодон өткөрүү;
4. Ал эми калган 21,427 га жер тилкесин Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдө жагы Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жүктөлсүн.
Төрага Т.Т Иманалиев