Редакцияот 27.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Алга айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы

 

 

2021-жылдын 27-февралы  № 109

 

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө

 

Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы статистикалык маалыматтарды чогултуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомунда Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатындагы маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңеши маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Кадамжай райондук статистика бөлүмү менен Алга айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитип берилсин.

2. Келишимдеги милдеттенмелерди корсотулгон шарттарда аткаруу жагы Алга айыл окмотунун башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелри боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Алга айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

Ш. Акбаров.