САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 24
Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү 2021-жылдын 5-октябрындагы Ак-Терек айылынын элдик жыйынын №12 протоколун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Ак-Терек айылынын элдик жыйынынын 2021-жылдын 5-октябрындагы №12 протоколунун негизинде Ак-Терек айылынын тургуну Мейматкулов Руслан Маматибраимовичти Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылынын элдик жыйынын 2021-жылдын 5-октябрындагы №12 токтомуна ылайык Ак-Терек айылынын тургуну Мейматкулов Руслан Маматибраимовичке Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |