Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2021-жылдын 13-октябры № 25

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылындагы лагерин, жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө ижарага берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” мыйзамынын 77-беренесинини 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылында жайгашкан “Өспүрүмдөрдүн эс алуучу” лагерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө 5 (беш) жылга убактылуу ижарага берүү жөнүндө атуул Э.Сатыбалдыевдин арызын карап Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айылындагы “Өспүрүмдөрдүн эс алуучу” лагерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн атуул Э.Сатыбалдыевге 5(беш) жылга убактылуу ижарага берилсин

2. Тиешелүү документерин тактоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:

 

 

Төрайым

Б.Калмурзаева