ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 14-сессиясы
2023-жылдын 24-январы № 02
Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну Азимкул Чайкөзовдун кайрылуусу жөнүндө
Жеңиш айылынын тургуну Азимкул Чайкөзовдун Сырт өрөөнүндөгү “Бөрү көрбөс” учасогундагы “Көк Булак” жайытындагы эски купканын ордун, мал багуу үчүн үй-сарай салууга макулдук берүү үчүн жазган кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 14 сессиясы токтом кылат:
1. Азимкул Чайкөзовдун Сырт өрөөнүндөгү “Бөрү көрбөс” учасогундагы “Көк Булак” жайытындагы эски купканын ордуна мал багуу үчүн үй жана сарай салууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |