Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз II cессиясы

2021-жылдын 10-июну № II-1

Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын дайындоо жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, депутаттардын Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон жаран Мойноков Алтынбек Каныбекович Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

 

2.   Бул токтом Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жиберилсин.

 

Төрага

Т.Токтобек уулу.