Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 13-сессиясы

 

2023-жылдын 24-январы № 03

Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну Э.Асаналиевдин кайрылуусу жөнүндө

        Жеңиш айылынын тургуну  Эмил Асаналиевдин Сырт өрөөнүндөгү “Эмеген” учасогундагы “Чий Өтөк” кыштоосундагы эски үйдүн ордуна  мал багуу үчүн үй жана сарай салууга макулдук берүү үчүн жазган кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 14 сессиясы токтом кылат:

1.            Эмил Асаналиевге Сырт өрөөнүндөгү “Эмеген” учасогундагы “Чий Өтөк” кыштоосундагы эски үйдүн ордуна жеңил конструкция менен мал багуу үчүн малчы үйүн жана мал сарай салууга макулдук берилсин. 

2.            Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.

Төрага

 

Т.Д. Кызалаков