САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 27
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы №5 контурунда жайгашкан 0,25 га таштуу жайыт жерине таза суу кампасын куруу үчүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жана 2014-жылдын 19-марты № 169 токтомун жетекчиликке алуу менен Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы №5 контурунда жайгашкан 0,25 га таштуу жайыт жерине таза суу кампасын куруу үчүн багытын өзгөртүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы №5 контурунда жайгашкан 0,25 га таштуу жайыт жери таза суу кампасын куруу үчүн багыты өзгөртүлсүн
2. Тиешелүү документерин тактоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:
Төрайым | Б.Калмурзаева |