Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 17-майы №20-17

 

“Мамлекеттик фондунун

жерлеринин ижара акысы ” жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобонун негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайракы айдоо жана чөп орок жерлердин ижарага берүү өлчөмү жөнүндөгү кайрылуу катын негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги кайракы айдоо жана чөп орок жерлеринин ижарага берилүүчү жер аянттары бир кожолукка 3 га өлчөмүнөн ашпасын.

 

2.     Ушул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

 

3.     Ушул токтомдун аткарылышы Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

Төрага:

Т.Джороев