Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2021-жылдын 13-октябры № 28

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы 15-Жаш айылына “Скай Мобайл” компаниясынын аппаратын орнотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктуна таянып,Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15-Жаш айылынын тургундарынын кайрылуу катынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 15-Жаш айылына “Скай Мобайл” компаниясынын аппаратын орнотуу үчүн айылдын айыл чарбасына жараксыз жерден 16 квадрат метр жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Жер аянтын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрайым

Б.Калмурзаева