Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2021-жылдын 13-октябры № 29

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жана атайын каражат эсебине кабыл алынган пландан кыскартуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана бюджеттик кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 7-октябрындагы №2 протоколунун негизиндеСалам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүүдө айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө подоход салыгына 400 000,00(төрт жүз миң) сом, патентке 100 000,00 (жүз миң) сом, ал эми чыгаша бөлүгүнө 500 000,00 (беш жүз миң) сомго кошумча план берилсин

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрайым

Б.Калмурзаева