САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 30
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылындагы маданият үйүн бала бакчага айландыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 1-беренесинин 23-пунктунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылындагы кароосуз калган маданият үйүн бала бакчага айландырып берүү жөнүндөгү Кош-Этер айылынын элинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы элдик жыйынынын кайрылуусун карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылындагы кароосуз калган маданият үйүн бала бакчага айландырып, бала- бакча үчүн ылайыкташтырылып, ажыратылып берилсин
2. Жер маселесин тиешелүү мыйзам чегинде чечип берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын
3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |