САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 31
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15-Жаш айылынын спорт аянтчасына айыл чарбасына жараксыз таштуу жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодекс” мыйзамынын 78-беренесинин 4-пунктуна ылайык 15-Жаш айылындагы спорт аянтчасына токтом чыгаруу жөнүндө 15-Жаш айылынын жаштар комитетинин Калмурзаев Замирдин арызын карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 15-Жаш айылындагы спорт аянтчасына токтом чыгаруу жөнүндө 15-Жаш айылынын жаштар комитетинин Калмурзаев Замирдин арызынын негизинде айыл чарбасына жараксыз жерден спорт аянтчасына 0,20 га жер бөлүнүп берилсин
2. Тиешелүү документтерди тактоо, даярдоо жана аны иш жүзүнө ашыруу, жер аянтын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын
3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |