ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы
2023-жылдын 8-февралы № 16
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата эркин калдыктарды пайдалануу жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата эркин калдыктарды пайдалануу жөнүндө маселени карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 15- сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2023-жылдын 1-январына калган эркин калдыктын 15082229 сом 30 тыйын, атайын каражаттар 10 169сом келишим түзүп бирок аткарылбай калганы үчүн төмөндөгүлөргө макулдук берилсин:
1.1 – “Бал Шире” ишканасынын жабдыктарын алуу үчүн – 6 720 000 сомго макулдук берилсин.
1.2 – 2022-жылы Сары Булак участогунун КВАРЦ кенин изилдөөгө “ЖЧК УРИЭЛ” тарабынан берилген 4 870 328,29 тыйын, кенди чалгындоого Кичи-Жаргылчак айылынын эли макулдук бербегендигине байланыштуу, жогорудагы сумма “ЖЧК УРИЭЛге” кайра кайтарылып берилсин.
1.3 – 2022-жылы келишим түзүлүп, бирок аткарылбай калган жумуштар үчүн:
Бала бакча тамак-ашы үчүн ЖИ Искендер кызы Айзатка 131 763 сом, Жеңиш айылынын клубунун тех.надзоруна 15 000 сом, Кичи-Жаргылчак кызмат көрсөткөн ОсОО Ремонт Группка 52 500 сом, Чоң-Жаргылчак айылына кызмат көрсөткөн ЖЧК Анима Групп ка 73 000 сом төлөнүп берилсин.
1.4 -Мугалимдердин ком.кызматтары үчүн 273 000сом, клубдарды камсыздандырууга 821 сом, мектептердин камсыздандыруусуна 52351 сом, бала бакча камсыздандыруусуна 60 000 сом, “Ахмат Строй” ЖЧКга Жеңиш айылына “Раскол” алууга 148 100сом, мектеп балдарына ун алууга 346 500 сом, аппараттын өздүк майрамына 50 000 сом, клубдарда семинар өткөрүү үчүн 50 000 сом, ГСВга планшет алууга 100 000 сом, Жеңиш айылына “Яма Беккари” салууга 600 000 сом, жолбун ит атууга 70 000 сом, мектеп балдарынын экскурциясына 30 000 сом, спорт инвентарларына 250 000 сом, айылдык кеңештин кабинетинин ремонтуна 50 000 сом, бала бакча трансформаторун оңдоого 100 000 сом, 2012-2018-жылдардагы айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын обработкалоого 30 000 сом, Жети-Өгүз райондук резервный ротага кийимине 70 000 сом, Ак-Терек айылын спортчусу Конушбаев Сардарга 100 000 сом, ветеринардык кызмат көрсөтүү үчүн 50 000 сом, Чон-Жаргылчак мектебине кошумча корпус курууга 200 000 сом, ОПЦ милиция кызматкерлерине 10 000 сом, спорт оюндарына 300 000 сом, Социалдык кызматкерлеринин күйүүчү майына 30 000 сом, айыл өкмөтүнүн карамагындагы техника тетиктерине 100 000 сом жана МТС тазалыктын лизингге алынган техникалары үчүн 148 866,01 тыйынга төлөөгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Ишебаевге жана айылдык кеңешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |