Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын

 III сессиясынын

 

2024-жылдын 12-апрели № 3

 

Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык ишкананы түзүү жана каттоодон өткөрүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевдин сунушун угуп, карап чыгып, талкуулап айылдык Кеңештин депутаттары;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык ишкана түзүлсүн.

2. Түзүлгөн муниципалдык ишкананы Талас облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге жүктөлсүн.

3. Муниципалдык ишкананын штаттык ырааттамасынын түзүлүшү Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын макулдугу менен бекитилсин.

4. Муниципалдык ишкананын уставын, күбөлүгүн жана мыйзамдуу иш кагаздарын жана ошондой эле мөөрүн, штампын даярдап берүү жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.