Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-апрели № 4

 

Айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлери жана айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлери аукционго коюлбай калгандыгына байланыштуу ижарага түз берүү жөнүндө.

 

Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлери жана айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлери аукционго коюлбай калгандыгына байланыштуу 2024-жылдын 1-октябрына чейин ижарага түз берүү максатында жана ошондой эле айылдык Кеңештин депутаттарынын ижарага түз берүү жөнүндөгү уруксат сунуштарын угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын III сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) аукционго коюлбай калган жерлери жана Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы аукциого коюлбай калган жерлери түз берүүдө ижара акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 

-       Ижара акысынын көлөмү жер салыгы боюнча 30 эсе көбөйтүлүп, жыйынтыгында келип чыккан өлчөмгө ылайык белгиленсин;

-       Ижара акыдан тышкары Мамлекеттик соц.фонд алымы жана салыгы чегерилсин.

 

2. Аталган жерлер конкурстук атаандашуу жолу менен ижарага берилсин. Келишимде ижара убактысы көрсөтүлүп 2024-жылдын 1-октябрына чейин түзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.