КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын
III сессиясынын
2024-жылдын 12-апрели № 5
Күмүштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жалпы техникаларды келишим жолу менен иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн карамагындагымуниципалдык ишкана ачылганга чейин,Күмүштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жалпы техникаларды келишим жолу менен убактылуу ижарага иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү сунуштарды угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын III сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн кызыкчылыгын эске алуу менен, муниципалдык ишкана ачылганга чейин, айыл өкмөткө тиешелүү жалпы техникалар келишим жолу менен убактылуу ижарага иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге келишимди түзүү жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |