Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-апрели № 6

 

Жарандар тарабынан коомчулукка зыян келтирүүчү ар кандай маселелер боюнча айып пулдарды бекитип берүү жөнүндө

 

Жарандар тарабынан коомчулукка зыян келтирүүчү ар кандай маселелер боюнча айып пулдарды бекитип берүү жөнүндөгү депутаттардын сунуштарын угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын III сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин негизинде протокол түзүү боюнча ыйгарым укуктуу айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынан турган жана айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык ишкананын кызматкерлеринен турган жумушчу топ комиссиясы түзүлсүн.

2. Түзүлгөн жумушчу топ комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 492-беренесинде көрсөтүлгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралуучу жана айыптар салынуучу 107, 110, 111, 112-беренесинин 1-бөлүгүндө, 113-115, 118-124, 157, 159, 177, 179, 180, 238, 239, 242, 245-253, 308-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар тууралуу иштерди карашсын жана жаза чараларды көрүшсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевге милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.