Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-апрели № 8

 

Контракт же убактылуу негизде иштеп жаткан кызматкерлердин эмгек акысы 2024-жылдын аягына чейин сакталуусу жөнүндө

Боо-Терек айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №5 токтомунда каралган Күмүштак айыл өкмөтүндө контракт же убактылуу негизде иштеп жаткан кызматкерлердин эмгек акылары 2024-жылдын аягына чейин сакталуусу жөнүндөгү сунуштарды угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын III сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл өкмөтүндө контракт же убактылуу негизде иштеп жаткан кызматкерлердин (М.Ногоевдин, А.Серековдун, Э.Сманалиевдин жана Элтинди уулу Тынчтыктын) Боо-Терек айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №5 токтомунда көрсөтүлгөн (Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндө) Турак жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2111- беренесинен каралган эмгек акылары 2024-жылдын аягына чейин сакталып төлөнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.