Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IV сессиясынын

 

2024-жылдын 22-апрели № 1

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын дэңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кумүштак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Күмүштак айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Күмүштак айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасына жана Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.