КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IV сессиясынын
2024-жылдын 22-апрели № 2
Боо-Терек айыл өкмөтү мекемесинин жана Оро айыл өкмөтү мекемесинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн бириктирүү жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын жана “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жѳнүндѳгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген убактылуу Жобону жетекчиликке алып, ошондой эле “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген Жобону жана ошондой эле “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтү мекемеси жана Оро айыл өкмөтү мекемеси бириктирилип Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн бюджеттери бириктирилип бекитилсин.
2. Бекитилген киреше жана чыгаша бөлүмдөрү өзгөртүүсүз кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |