КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 22-апрели № 3
Жайлоого мал алып чыккан малчылар тарабынан малдын башына төлөнүүчү салыгынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө.
Күмүштак айыл аймагындагы жайлоого мал алып чыкканмалчылар тарабынан төлөнүүчү салыгынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевдин сунушун угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык ишканага
Күмүштак айыл аймагындагы жайлоого мал алып чыккан малчылар тарабынан төлөнүүчү салыгынын тарифтери жакынкы жайытка төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
§ Жылкы башына 120 (жүз жыйырма) сом;
§ Уй башына 100 (жүз) сом;
§ Кой башына 15 (он беш) сом.
2. Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык ишканага жайлоого мал алып чыккан малчылар тарабынан төлөнүүчү салыгынын тарифтери алыскы жайытка төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
§ Жылкы башына 60 (алтымыш) сом;
§ Уй башына 50 (элүү) сом;
§ Кой башына 8 (сегиз) сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык ишкананын башчысы А.Акматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |