Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 22-апрели № 4

 

Кыргызстан айылындагы суу топтоочу резервуарды (БСРди) оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө.

Кыргызстан айылындагы суу топтоочу резервуарды (БСРди) оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн акча каражат бөлүп берүүжөнүндөгү сунуштарды угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IV сессиясы; 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн, мурунку Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинде көрсөтүлгөн мамлекеттик тейлөө бөлүмүндөгү административдик-аймактык реформанын компенсациясына каралган акча каржатынын 2215-статьясынан, Кыргызстан айылындагы суу топтоочу резервуарды (БСРди) оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн 89 400 (сексен тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.