Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясы

 

2024– жылдын 18-январы № 1

 

Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн

иш-планын бекитүү жөнүндө

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Таалайбек кызынын 15.01.2024-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

Иш-план тиркелет.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТЕМ

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы_______________ М.Акназаров 18-январь 2024-жыл

 

Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн

ИШ-ПЛАНЫ

 

№

Каралуучу маселелер

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

1. Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө.

2. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө.

3. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.

1-квартал

Туруктуу комиссия

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 

 

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

2

1. Билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчасынын 2023-2024-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө.

2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө.

3. Салыктардын аткарылышы КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө.

2-квартал

Соц. адис

Туруктуу комиссия

 

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

 

Салыкчы,жер адис

Туруктуу комиссия

3

1. Айыл өкмотүнүн 6 ай ичинде аткарган иши жана 2024-жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндө.

 

2. Кыш мезгилине карата даярдыктар жөнүндө.

 

3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.

3-квартал

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

 

 

Соц. адис

Туруктуу комиссия

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

4

1. Аймактык тескөөчүлөрдүн 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.

 

2. СВА, ФАПтар, почта бөлүмүнүн, маданият үйүнүн жана айылдык китепкананын 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.

 

3. Жылалды жайыт комитетинин 2024-жылда аткарган иштери жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.

4-квартал

Аймактык тескөөчүлөр

Туруктуу комиссия

Соц.адис

Туруктуу комиссия

 

 

Соц.адис

Туруктуу комиссия

 

 

Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Таалайбек кызы