Редакцияот 27.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXХ чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы

 

2024-жылдын 27-майындагы № 30/37-4

 

                         Жайыт маселелери жөнүндө

 

     Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин, жүз башыларынын, мал багуучулардын жана жарандардын 2024-жылдын    22-чи жана  27-мартындагы жыйындарынын протоколунун чечимдерин карап чыгып, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши

                                   ТОКТОМ кылат:

1. Жайлоого мал-жандыктарды чыгаруу үчүн төмөндөгүдөй төлөмдөр бекитилсин:

-бодо малга бир айга – 600 сом

-кой-эчкиге бир айга - 120 сом

2. Мал кайтаруучулар милдеттүү түрдө:

-10-апрелден 20-июнга чейин ортоңку жайытка чыгышсын;

-20-июндан  1-сентябрга чейин чоң жайытка чыгышсын;

-1-сентябрдан 1-октябрга чейин ортоңку жайытка чыгышсын.

3. Чолпон-Ата шаардык мэриясына 1-октябрдан баштап жол жээгине мал-жандыктарын кароосуз калтырган жарандарга мыйзам чегинде айып пулдарды салуу боюнча иштерди алып баруу тапшырылсын.

4.Чолпон-Ата шаардык мэриясына жайыт жерлеринин инфраструктурасын пайдалануу жана күтүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылсын.

5.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүүгө жиберилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Төраганын биринчи

орун басары                  Талантбек уулу Азат