КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-марты № 9
2020-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражатты пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун 2020-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражатты пайдалануу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 52-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2020-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен эркин каражатынан калган 2 259 200 сом төмөндөгүдөй жумшалсын:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине компьютердик шаймандарды алууга 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты жумшалсын.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесинин ремонт иштерине 100 000 (жүз миң) сом жумшалсын.
3. А.Карыпкулов орто мектебинин терезелерин алмаштырууга 380 000 (үч жүз сексен миң) миң сом акча каражаты жумшалсын.
4. А.Карыпкулов орто мектебине керектүү инвентарь алууга 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.
5. А.Карыпкулов орто мектебинин от жагуучу бөлмөсүнүн оңдоо иштерине 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты жумшалсын.
6. Бермет апа бала бакчасынын электр энергиясына 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.
7. Бермет апа бала бакчасынын керек жарагына 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.
8. Акылдуу эсептегич (умный счетчик) алууга 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.
9. А.Нуржигитов көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.
10. Таяныч тирөөчтөрдү алууга 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражаты жумшалсын.
11. Кара-Суу айылынын ички көчөлөрүн оңдоп түзөө иштерине 119 200 (жүз он тогуз миң эки жүз) сом акча каражаты жумшалсын.
12. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Карабаевага бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп алып берүү жагы милдеттендирилсин.
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Кабылов |