Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылынын 19-январы №20-13

 

“Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылында ичимдик таза суу тарифин бекитүү жөнүндө

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылында “Кажар” жана “Казак Тал” таза суу кудуктарын тарифин бекитип берүү максатында, таза суу кудуктарын жетекчилерин арызын карап чыгып, Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Баястан айылындагы “Кажар” жана “Казак Тал” таза суу кудуктарынын таза суу тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. “Кажар” жана “Казак Тал” таза суу кудуктары пайдалануучуларына күнүмдүк 3 саатдан ичимдик суусу берилсин.

 

3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

 

5.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

Т.Хамракулов.

 

 

 

 

 

 

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылындагы “Кажар” жана “Казак-Тал” скважиналарынын таза суу тарифин бекитүү жөнүндөгү №20-13 токтомунун тиркемеси.

 

№

Кожолугунда таза суу түтүгү бар кожолукка (15х20 дм)

Ташып ичкен кожолуктар үчүн

 

1

200 сом

50м аралыкка чейин-50 сом

100м аралыкка чейин-30 сом

100м жогору-20 сом