Редакцияот 27.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясынын

 

2024-жылынын 27-марты №1-2

 

«Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жѳнүндѳ”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деӊгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳгү» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеӊештердин иши жѳнүндѳ убактылуу жобону бекитүү тууралуу Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкүлчүлүктѳрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жѳнүндѳгү» Жобосун жетекчиликке алып, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Там айыл аймагынын айылдык кеңеши жана Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешин бириктирүү жолу менен “Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

1.1 Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: “Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси.

-Расмий тилде: Учреждение «Айылный кенеш Т.Балтагуловского айылного аймака»

-1.2 Кыскартылган фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: “Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши” м-и;

-Расмий тилде: У-е «Айылный кенеш Т.Балтагуловского айылного аймака».

 

2. «Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кенеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Ак-Там айылы, Мусабаев кѳчѳсү, №45-үй болуп аныкталсын.

 

3. «Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин убактылуу жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштѳѳдѳгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.

5. Токтомдо кѳрсѳтүлгѳн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

6. Токтом жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.

 

 

 

Төрага:

Т.Хамракулов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Т.Балтагулов айылдык кенешинин 2024-жылдын 27-мартындагы I сессиясынын № 2-токтомуна

№ 1тиркеме

 

 

«Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин убактылуу типтүү жобосу

1. Жалпы жоболор

1. Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.

2. Айылдык кеңеш- оз ишин коллегиалдуу негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан турган(бириктирген), Т.Балтагулов айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.

3.Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.

  Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде “Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси.

-Расмий тилде Учреждение «Айылный кенеш Т.Балтагуловского айылного аймака»

- Кыскартылган фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде “Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши” М-и.

-Расмий тилде: У-е «Айылный кенеш Т.Балтагуловского айылного аймака».

- «Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин» мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Ак-Там айылы, Мусабаев кѳчѳсү №45.

4. Айылдык кеңеш өз ишинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

2. Айыл кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери

6.Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы-сессия болуп саналат.Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.

7.Айылдык кеңештин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде, айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жободо аныкталган.

3. Айылдык кеңештин чечимдери

8. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.

9. Айылдык кеңештердин ченемдик-укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары-буйрук түрундө кабыл алынат.Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ. Айылдык кеңештин ченемдик-укуктук актылары Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

10. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзу кабыл алат.Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

11. Айылдык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

4. Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

12. Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар(бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

13. Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

5.  Корутунду жоболор

14.Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.

15. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт.Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамга ылайык келет.

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Т.Хамракулов.