Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясынын

 

2023-жылдын 27-сентябрындагы № 60

 

Айдаркен шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бѳлүгүндѳ юридикалык жана жеке жактардын транспортко болгон салыктарынын планга ашыкча коюлуп калган жалпы 194 700 (бир жүз токсон тѳрт миң жети жүз) сом суммадагы айырмачылыктарды бюджеттен кыскартып берүү жѳнүндѳ

Айдаркен шаардык мэриясынын ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Надырбековдун сунушун угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айдаркен шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бѳлүгүндѳ юридикалык жактардын транспортко болгон салыктарынын планга ашыкча коюлуп калган жалпы 47 700 (кырк жети миң жети жүз) сом суммадагы айырмачылык бюджеттен кыскартылып бекитилсин.

2. Айдаркен шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бѳлүгүндѳ жеке жактардын транспортко болгон салыктарынын планга ашыкча коюлуп калган жалпы 147 000 (бир жүз кырк жети миң) сом суммадагы айырмачылык бюджеттен кыскартылып бекитилсин.

 

3. Токтомду аткаруу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

5. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

 

Төрага

 

А.К.Кожомбердиев