Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 27-сессиясынын

 

2023-жылдын 04-октябрындагы № 61

 

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйындарды ѳткѳрүү жөнүндө

КРнын “Элдик Курултай жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды ѳткѳрүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын, уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген түшүндүрмѳсүнүн негиздеринде жана КРнын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Айдаркен шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айдаркен шаарынын аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйын 2023-жылдын 18-ноябрында (ишемби) саат 13:00дѳ Айдаркен маданият сарайында ѳткѳрүлсүн.

2. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу ѳкүлдѳрдүн саны нормага ылайык (10 001ден 20 000ге чейин) 100 (жүз) ѳкүл болуп бекитилсин.

3. Жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды ѳткѳрүү үчүн Айдаркен шаарынын аймагы 4 (тѳрт) аймактык бѳлүктѳргѳ (квартал) бѳлүнүп бекитилсин.

4. Жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды ѳткѳрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттары №2 тиркемеге ылайык жергиликтүү жашоочулар менен ар бир аймактык бѳлүктѳрдѳ (квартал) жыйындарды ѳткѳрүүгѳ жооптуу болуп дайындалсын.

6. Ѳкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

7. Айдаркен шаардык мэриясы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар ѳткѳрүлѳ турган күн, убакыт жана жай жѳнүндѳ расмий сайттар, массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар жана башка маалымат булактары аркылуу жергиликтүү жашоочуларга кабарлоо жагы менен кошо жыйындар жана чогулуштар ѳтүүчү жайларды тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоосу милдеттендирилсин.

8. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин депутаттарына жүктѳлсүн.

 

 

Төрага

 

А.К.Кожомбердиев

 

 

Айдаркен шаардык кеңешинин

IV-чакырылышынын кезексиз

27-сессиясынын №61 токтомуна

№1 тиркеме

 

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Айдаркен шаарынын жергиликтүү жашоочулары менен жыйындарды ѳткѳрүү графиги

№ п/п

Аймактык бѳлүктѳр (кварталдар)

Жыйын ѳтүлүүчү күн (датасы)

Жыйындын башталышы (убактысы)

Дареги

Жооптуулар

Эскертүү

1

Биринчи аймактык бѳлүк

I-квартал (түндүк-батыш)

16.10.2023-ж.

13:00

Айдаркен маданият сарайы

Шаардык кеңештин депутаттары (тизме боюнча)

 

2

Экинчи аймактык бѳлүк II-квартал (түштүк-батыш)

17.10.2023-ж.

13:00

Айдаркен маданият сарайы

Шаардык кеңештин депутаттары (тизме боюнча)

 

3

Үчүнчү аймактык бѳлүк III-квартал (түндүк-чыгыш)

18.10.2023-ж.

13:00

Айдаркен маданият сарайы

Шаардык кеңештин депутаттары (тизме боюнча)

 

4

Тѳртүнчү аймактык бѳлүк

IV-квартал (түштүк-чыгыш)

19.10.2023-ж.

13:00

Айдаркен маданият сарайы

Шаардык кеңештин депутаттары (тизме боюнча)

 

 

Жооптуу катчынын у.м.а.:

 

А.Жороев

 

 

Айдаркен шаардык кеңешинин

IV-чакырылышынын кезексиз

27-сессиясынын №61 токтомуна

№2 тиркеме

 

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Айдаркен шаардык кеңешинин жергиликтүү жашоочулары менен ар бир аймактык бѳлүктѳрдѳ (квартал) жыйындарды ѳткѳрүүгѳ жооптуу депутаттардын тизмеси:

1. Биринчи аймактык бѳлүк (I-квартал) түндүк-батыш:

1) Тушаев Айдар Жигиталиевич

2) Элбай уулу Болотбек

3) Абдиманнабов Жылдызбек Абдиманнабович

4) Таджибаев Равшан Шадыбаевич

 

2. Экинчи аймактык бѳлүк (II-квартал) түштүк-батыш:

1) Салиев Тулибой Жанивалиевич

2) Козубаев Абдыразак Козубаевич

3) Кузиев Кузибай Додобекович

4) Султанова Зинат Камаловна

5) Топчубаева Буалма Токторалиевна

 

3. Үчүнчү аймактык бѳлүк (III-квартал) түндүк-чыгыш:

1) Ураимов Акынбек Ураимович

2) Абдуллаев Азамат Давлетович

3) Баракаев Амонжон Азамжонович

4) Кудайкулов Адахамали Кожомбердиевич

 

4. Тѳртүнчү аймактык бѳлүк (IV-квартал) түштүк-чыгыш:

1) Кожомкулова Айсулу Токторовна

2) Калматова Айнура Арзыбаевна

3) Хамбаров Руслан Хамдамалиевич

4) Садыкова Зулайка Эшимовна

 

Жооптуу катчынын у.м.а.:

 

А.Жороев

 

 

Айдаркен шаардык кеңешинин

IV-чакырылышынын кезексиз

27-сессиясынын №61 токтомуна

№3 тиркеме

 

Айдаркен шаарынын аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы:

1. Кожомбердиев Алисуфян Кожомбердиевич - жумушчу топтун башчысы, шаардык кеңештин тѳрагасы;

2. Надырбеков Алчынбек Айдарбекович - жумушчу топтун катчысы, шаардык кеңештин жетектѳѳчү адиси;

3. Абдиманнабов Жылдызбек Абдиманнабович - жумушчу топтун мүчѳсү, шаардык кеңештин депутаты;

4. Кожомкулова Айсулу Токторовна - жумушчу топтун мүчѳсү, шаардык кеңештин депутаты;

5. Жакыпова Үлпат Таабалдыевна - жумушчу топтун мүчѳсү, шаардык мэриянын аппарат жетекчиси;

6. Мурзаева Касиет Орунбаевна - жумушчу топтун мүчѳсү, коомдук алдын алуу борборунун тѳрайымы;

7. Назаров Абдисалам Джолдошович - жумушчу топтун мүчѳсү, маала башчы

 

Жооптуу катчынын у.м.а.:

 

А.Жороев