Редакцияот 05.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 5-сентябры № 21/28-VIII

Туз айыл аймагында жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

 

          Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо  максатында ,Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 15-августундагы         “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284  Жарлыгына жана биринчи элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин  2022- жылдын 9- сентябрындагы “ Биринчи элдик Курултайга  Кыргыз Республикасынын  айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдат аткаруучу аракеттердин» нускамасына ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Туз айылдык  Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                                                                                                                                                

1.Туз айыл аймагынынын  жергиликтүү Курултайы 2022- жылдын  5 -ноябрына саат 10- 00 до  чакырылсын

2.Туз айыл аймагынын жергиликтүү  Курултайынын курамы калктын санына  ылайык 40 делегаттан  турары белгиленсин

3. Жергиликтүү жааматтар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15- октябрдан 20 октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1) тиркеме жана өкүлчүлүктүн  нормалары  калктын санына жараша бөлүнөрү  эскертилсин

4.Туз айыл аймагында жергиликтуу Курултайдын уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Токтомдун аткарылышын  өзүм көзөмөлдөйм .

Туз айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Салтыкеев.Б.К