Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясынын

 

2023-жылдын 27-июлундагы № 22/2

 

А.Масалиев айыл аймагындагы контур №13,15,17-контурларында жайгашкан жалпы аянты 2,20 га жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-статьясынын 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2013-жылдагы №145 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтомуна негиз жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Юнусалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. А.Масалиев айыл аймагына караштуу Лесхоз айылынын тургундарын социалдык өнүгүүсүн жогорулатуу максатында Лесхоз айылына мектеп куруу үчүн №15 контурундагы 1,40 га жер аянты тыт, №17 контурундагы 0,20 га жер аянты кысыраңыз, №13 контурундагы 0,20 га жер аянты жайыт жер, №13 контурундагы 0,40 га жер аянты тыт жалпы 2,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Юнусалиевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

А.Масалиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары

 

А.Мамажанов