Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

2021-жылдын 27-январы № 39

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Булак участкасындагы 125; 136;128 контурундагы 15га кайраакы айдоо жер аянты жана 135;128 контурундагы 36га чөп чабык жер аянттары жайытка кирип калган. жогорудагы контурдагы жер аянттары кайрадан айдоо менен чөп орок түрлөрүнө өткөрүлсүн.

 

2.Картографиялык материалдарга өзгөртүү киргизип берүү жагы Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын

 

3.Жерди тактоо жана иш кагаздарын даярдоо жаны айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге жүктөлсүн

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго милдеттендирилсин

 

Кыз-Көл айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.Калимбетов