Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXVII отуруму

 

2024– жылдын 15-январы № 167

 

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024 жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун маалыматын жана бюджет, финансы, салык, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XXVII отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 38744,4 (отуз сегиз миллион жети жүз кырк төрт миң төрт жүз) миң сом, анын ичинен: 21255,0 (жыйырма бир миллион эки жүз элүү беш) миң сом жергиликтүү бюджет, 10939,4 (он миллион тогуз жүз отуз тогуз миң төрт жүз) миң сом теңдештирүүчү грант жана бала бакчалардын атайын каражаты 6550,0 (алты миллион беш жүз элүү) миң сом. Жалпысы 38744,4 (отуз сегиз миллион жети жүз кырк төрт миң төрт жүз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024- жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 38744,4 (отуз сегиз миллион жети жүз кырк төрт миң төрт жүз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.Айыл өкмөтүнүн 2025-2026- жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир жылдын долбоорун бекитүүдө такталууга жатары белгиленсин.

4.Чыгашалардын корголгон беренелери, бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.

5.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024- жылдагы бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерин (комуналдык кызматтар, электр энергия, каттуу отун-көмүр, тамак-аш, эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү, байланыштуу чыгымдарын) жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.

6.Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык төлөмдөр, каммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, каттуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушары эскертилсин.

7.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын 24-беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 2024- жылга 220,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

8.Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып койулары эскертилсин.

9.Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.

10.Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү (бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо), жана өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат, зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин тармактык туруктуу комиссиясы менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын. Айланма кассалык калдык айыл өкмөттүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары 2024 - жылдын 01-январына карата 165,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

11.Жайыт комитетинен түшүүчү салык көлөмү 210,0 миң сом экендиги белгиленсин.

12.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русланга жана ФЭБ башчысынын башкы-эсепчинин милдетин убактылуу аткаруучу А. Абдуллаевке жуктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Арапов