Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын

кезектеги XXVII отуруму

 

2024– жылдын 15-январы № 170

 

“Эдельвейс Голд” ЖЧКсына кошумча жумушка макулдук берүү жөнүндө

  “Эдельвейс Голд” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылында жайгашкан Кызыл Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетилип чыккан кум шагылын сатууга жана кошумча жумушка макулдук берүү боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун сунушун угуп талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрь №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XXVII отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.“Эдельвейс Голд” ЖЧКсына казылып иштетилип чыккан кум шагылын сатууга макулдук берилсин.

2.“Эдельвейс Голд” ЖЧК сынын аткарып жаткан иштерине көзөмөл жүргүзүп туруу үчүн түзүлгөн биргелешкен комиссиясына тапшырылсын.

3.“Эдельвейс Голд” ЖЧКсы менен кошумча жумушка түзүлгөн соц. пакеттин аткарылышы мыйзам чегинде типтүү келишимдин негизинде жүргүзүлүп, алымча кошумча форс мажор учурлары менен эске алынсын.

4.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Арапов