КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын
кезектеги XXVII отуруму
2024– жылдын 15-январы № 172
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуулун” берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы К. Араповтун сунушу менен Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикасын өнүктүрүүдө чоң салымын кошкондугун эске алып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын 39.1 пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XXVII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулуна Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Арапов |