Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын

 

2024-жылынын 2-апрели №3/2

 

“Жергиликтүү жамааттарынын типтүү регламентин бекитүү” жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 2-апрель отурумунун корутундусун карап чыгып талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Т.Балтагулов айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү регламентин тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.(тиркемеси тиркелет)

 

  1. Т.Балтагулов айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү регламентинде көрсөтүлгөн жергиликтүү жаматтардын ички жашоо тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.

 

  1. Токтом alabuka.kg.веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө- айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Т.Хамракулов.