Редакцияот 29.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын

 

2023-жылдын 29-июнундагы № 43

 

Баткен шаар калкын коомдук транспорт менен камсыздоонун абалы жөнүндө

Баткен шаарынын калкын коомдук транспорт менен камсыздоо максатында шаарда 101, 103,104 маршуруттук каттамдары жүрүүсүнө макулдук берилип, график бектилген. 101 маршуруттук каттам шаардын түштүгүнөн- түндүгүнө карай Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылын камтыган маршуруттук каттамда жүрөт. Бул каттамда 2 бригададагы маршуруттук жалпы 52 маршурттук таксилер кызмат кылат.

 

2023-жылдын ашынан баштап 103 жана 104 маршуруттук каттам шаар мэриясынын алдындагы “Баткен –Автобаза” муниципалдык ишканасы 6 автобусу менен тейлеген каттам. Бул каттамды жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 2022-жылы ___ мил сом акча каражаты бөлүнүп “Айыл банк” ААК лизинг түрүндө 6 автобус сатылып алынып түптөлдү. Шаардын аймагын толугу менен коомдук транспорт менен камсыздоо максатында кошумча дагы автотранспорт жетишсиз.

 

103маршруттук каттам М.Салихов көчөсү менен Чет-Булак кварталына барат.Чет-Булак сайынан өтүп С. Огато мектебине барат, Чет-Булак 2 көчөсү менен “Асаба” конушуна, андан кийин “Мадина” шаарчасын аралап, Айгүл-Таш подстанциясын камтып, Өрүк базардан, кайра М.Салихов көчөсүнөн, К.Турмаматов көчөсү аркылуу Бак-Сарай кафесине жетип, кайра К.Турмаматов көчөсу аркылуу, Т.Садыков көчөсүнө түшөт. Т.Садыков көчөсүнөн, И.Раззаков көчөсүнөн түшүп К.Эргешов көчөсү аркылуу Бакай-Ата 2 конушундагы жаңы көпүрөго барып акыркы аялдамадан кайтат. Раззаков көчөсү менен кайтып Т.Садыков көчөсү менен Жибек Жолу көчөсү аркылуу И.Жусупов көчөсү менен архитектуранын жанынан өтүп стадиондун түштүгүндөгү көчө менен Салихов көчөсүнө келет . 103 марщруттук каттамда 3 автобус 1спринтер 30мин аралыкта каттап жатат.

104 каттамы жаңы ачылды 3 автобус кезек менен иштеп экөө каттамга чыгып бирөө дем алат. Эки автобус эки жактан бирдей убакытта жөнөйт бири Токтогул-Олуя конушунан Базар –Башы АТОсунун Раззаков көчөсү менен Т.Садыков көчөсүнө келет ,М.Нургазыев көчөсү менен И.Жусупов көчөсү менен Жибек-Жолу көчөсүнөн Т.Садыков көч менен түшүп Кызыл-Жол АТО Кургак учук ооруканасынан өтүп Ж.Назаров көчөсү менен Кызыл-Жол баш.мектебине барат. Экинчи автобус Кызыл-Жол башталгыч мектептен Ж.Назаров көчөсү менен И.Марасулова көчөсү менен Жеңиштин 70жыл көчөсү менен М.Пирматов көчөсүнө барат, М.Пирматов көчөсү И.Жусубалиев , А.Маккамбаев көчөлөрү менен Кызыл-Жол орто мектебине келет, Ш.Эсенов көчөсү менен И.Жусубалиев көчөсү менен Жибек-Жолу көчөсүнө андан И.Жусупов көчөсү менен стадионду айланып Салихов көчөсүнө келет андан М.Дүйшөев көчөсү менен К.Эргешов көчөсү аркылуу И.Раззаков көчөсү аркылуу Токтогул-Олуя конушуна барат. 104 каттамы 1саатан каттап , мектептерде окуу жылы аякташы менен убакыты азайтылат.

 

Шаадын так ортосунан түндүктү карай батыш тарабын аралаган коомдук транспорт каттамдарын жүргзүү үчүн ал аймактын ички жолдорун кеңейтүү, аялдамаларды жасагандан кийин пландоо талапка ылайык болот. Андыктан бул аймакты камтуунун үстүндө иштөөнү кийинки жылдардагы программаларга киргизүү жагы эске алынса.

Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен шаарынын калкын коомдук транспорт менен камсыздоонун абалы жеткиликтүү экендиги белгиленсин.

2. Шаардын түндүк-батыш жана жаңы конуштарды коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ички жолдорду талпка ылайык кеңейтүү этабы менен жүргүзүлүп даярдык көрүү жагы шаар мэриясына сунушталсын.

3. Токтом мамлекеттик реестриге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Мурзалиева