Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын

2021-жылдын 6-августундагы № 1/1

 

“Айыл өкмөтүнүн аймагындагы элге ветеринардык кызмат көрсөткөн жеке ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө”

Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы жогорудагы маселени карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн айылдарында жашаган элге ветеринардык кызмат көрсөткөн, жеке ветеринардык сервистерге, кызмат көрсөтүүсү боюнча төмөнкү тарифтер бекитилсин.

-Ири мүйүздүү малдарга ийне саюу жана кан алуу ар бир башка 50 сомдон.

-Майда малдарга ийне саюу ар бир башка 15 сомдон

-Ит мышыктарга ийне саюу ар бир башка 100 сомдон

-Ири мүйүздүү малдарга бирка басуу,бирканын мамлекеттик акысын жана ветеринардык кызматкердин кызмат акысын кошкондо ар бир башка 80 сомдон.

2. Миң-Жыгач,Тогуз-Булак айылдарындагы жеке вет,сервистерге Миң-Жыгач

айылдык чайханасынан бөлмө ажыратылып берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы

С.Темирбаевке  милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:

 

К.Ражапов